7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Владимир Жириновскийдин сөөгү эртең Новодевичье көрүстөнүнө коюлат

1178

ЛДПР лидери Владимир Жириновскийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты жума күнү, 8-апрелде Москвадагы Новодевичье көрүстөнүндө өтө турганын парламенттин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты саясатчынын жакындары коюлган Троекуровский көрүстөнүндө болушу мүмкүн экени айтылган. «Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Куткаруучу Христостун соборунда Москва убактысы боюнча саат 8:00дө болот. Маркум менен коштошуу зыйнаты Колонналар залында саат 11:00дөн 13:00гө чейин, акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 14:00гө чейин болот»,- деп билдирди басма сөз кызматы.

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский кечээ каза болду. Саясатчы 2-февраль күнү эки тараптуу пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Анын абалы бир жакшырып, бир начарлап жаткан болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1179