Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунун «Достук» каналынын жээгинен чекарачылар «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк – 1500дөн ашык беш литрлик бөтөлкө өсүмдүк майы табылган. Унаанын айдоочусу 1971-жылы туулган Н.П. экени такталып, ичинде жүргүнчү катары жүргөн И.М.да бар болгон. Жарандар Кыргызстандан Тажикстанга товарларды алып чыгууну көздөшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн баасы 1 миллион сомго жакын болгон. Кармалган жарандар жана жүктөр андан ары ишке ашыруу үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.