Эртең, 8-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,
- Таласдубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,
- Нарын жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,
- Бишкекте түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26°.
Ал эми бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8 градус болот.