7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

WADA уюму марихуананы тыюу салынган препараттар тизмесинен чыгарабы?

754

Дүйнөлүк допингке каршы агенттик (WADA) марихуананы тыюу салынган препараттардын тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Lenta.ru. басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кийинки жылы марихуана препаратынын таасири боюнча илимий текшерүү жүргүзүлөт. Кандай болгон күндө да 2022-жылдын аягына чейин эркин колдонууга тыюу салынган бойдон калат.

Марихуананын таасирин кайра текшерип көрүү демилгеси Америкалык жөө күлүк ШаКарри Ричардсондун окуясынан кийин пайда болгон. Аталган спортчу Токио Олимпиадасына катышуу алдында  марихуана колдоноору ачыкталып, мелдешке катышпай калган.

Акыркы мезгилде эксперттер бул өсүмдүктүн зыянынан пайдасы көп экендигин айтып, тыюу салынган препараттардын катарынан чыгарууну сурап келишет. Эксперттер мене бирге спортчулар да ага тыюу салуу эскирген талап экендигин билдирип келет.

Алсак биздин өлкөдө да нарколог, даарыгер Жеңишбек Назаралиев баштаган адистер, эксперттер техникалык марихуана чөбүн өстүрүп, өндүрүшкө колдонуу жакшы натыйжа берээрин айтышкан. Бул маселе ЖКнын депутаттары тарабынан  сессияда да көтөрүлгөн. Бирок, бул сунушка ИИМ бир катар эл аралык келишимдерге ылайык, макул боло албасын билдирген.

Эгер, WADA агенттига марихуананы тыюу салынган препараттар тизмесинен чыгарса, Кыргызстан техникалык марихуаныны өндүрүшкө колдонууга жол ачылмак.

Алсак, «каннабис» аталган бул өсүмдүктөн акча кагазын, даары дармек жана сапаттуу материалдар жасалаары белгилүү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755