Японияда дээрлик бир жумага жакын калың кар жаап, 8 адам көз жумса, 270тен ашуун адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар байма-бай кабар беришүүдө.
Маалыматка ылайык, 11-январь күнү таңкы саат 5:00 чамасында Тояма шаарында 120 сантиметр, Фукуиде 100 сантиметр жана Ниигата шаарында 63 сантиметр калыңдыкта кар жааган. Мындан улам миңдеген автоунаалар кар астында калып, жүздөгөн аба каттамдар токтотулган.
«Япония бийлиги жашоочулардан зарыл жумушу болбосо аба ырайы турукташканга чейин көчөгө чыкпай турууну эскертүүдө. Ал эми Ниигатага күчтүү шаймандар жана грейдерлерди аскерлер менен жөнөтүү үчүн армия бөлүмүнө кайрылышкан (Японияда аларды өзүн-өзү коргоо күчтөрү деп аташат). Ниигатада жаан-чачындын оордугунан кулап түшүшү мүмкүн болгон карылар үйүнүн чатырлары өзгөчө тынчсызданууну жаратууда», — деп берилет маалыматта.