7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ыктыярчылар жарандар үчүн акысыз транспорт уюштурушту

278

Бишкек шаарынын ыктыярчылары жарандар үчүн акысыз транспорт уюштурушту. Бул тууралуу Демилгелүү жаштар борборунун төрагасы Аскар Алмаз уулу жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.


Анын айтымында, алгач активисттер жарандарды Чүй проспектисине чейин гана жеткирүүнү пландашкан, бирок кийин шаардын айланасында бөлүнүүнү чечишкен.


«Бизде жети унаа бар, көп эмес албетте, бирок аракет кылып жатабыз. Бир чыкканда 30 кишинин жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Маршрутниктер иш ташташканда эл аялдамаларга топтолуп, бушаймандык жаралды. Эгер коомдук транспорттун абалы туруксуз болсо, биз линияга чыгып иштөөгө даярбыз», — деди ал.


Эске салсак, өткөн жуманын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү суранышып, болбосо ишти таштайбыз деген талап коюшкан. Маршруттук таксилерде жүрүү тарифин көтөрүү маселесин кароо үчүн муниципалитетте жумушчу топ түзүлдү.


Кечээ эртең менен 500 кичи автобустун айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Муниципалитет аларга карата чара көрөрүн убада кылды. Ал эми жол кире акысы май айынан тарта көтөрүлүшү мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

279