7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Азиз Батыров жаңы кызматка дайындалды

1862

Ырчы, дастанчы, маданияттын мыкты кызматкери Азиз Батыров И. Арабаев атындагы КМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өзү 7-каналга кабарлады.

Азиз Батыров Ош облусунун Кара–Суу районунда туулган. Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Консерваториясын аяктап, улуттук салттуу музыка өнөрүнө аралашып, “Түрк дүйнө” аттуу оркестринин солисти болуп эмгек жолун баштаган. Аны менен катар КТМУнун кесиптик жогорку мектебинде студенттерге “Музыканын методдору” сабагынан мугалим, Ишеналы Арабаев атындагы университетинин Көркөм өнөр факультетинин Музыка кафедрасында салттуу музыка бөлүмүндө Дастан айтуудан сабак берген.

Чыгармачылык жолунда бир катар жетишкендиктерге жетип, сыйлыктарга татыган.

Азиз Батыров 2014-жылы Түркиянын Дидим шаарында 18 мамлекеттен келген таланттардын арасында өткөн “Улуттар аралык музыка” фестивалында “Алтын үн” байгесин жеңип алган. 2015-жылы Түркиянын Ялова шаарында өткөн түрк тилдүү 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Алтын үн” сынагында баш байгени багындырган.

Бүгүнкү күндө ырчы Азиз Батыров бир гана ырчылык менен гана алектенбестен, кичинекей өсүп келе жаткан жеткинчектердин башын бириктирип, комуз үйрөтүп көркөм табитин өнүктүрүүгө салым кошуп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1863