7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Нур Чолпон «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

532

Уникалдуу колоратуралык сопрано ырчысы, көп жанрлуу жана полиглот аткаруучу, жаш композитор Нур Чолпонго «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси берилди. Сыйлыкты маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов тапшырды.

Министр Нур Чолпондун маданият жаатында жасап жаткан эмгектерине, жараткан жетишкендиктерине кабардар экенин белгилеп, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, Нур Чолпон чыгармачылык чөйрөгө кичине чагынан эле аралашып келет. 5 жыл балдар музыкалык мектебинде скрипка жана гитара адистиги аны менен катар 8 жыл Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Академиялык вокал жана Музыка теориясы боюнча адистиктерин артыкчылык дипломдору менен аяктаган. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Композиция факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Жакында Нур Чолпон Японияда «Otogi Koubou» компаниясы менен эки жылдык музыкалык стажировкадан өтүп келди. Композиторлор союзунун мүчөсү. Жаштардын «АйТентек» операсынын автору, «Эрмен жыты» тасмасынын композитору. Көптөгөн вокалдык жана хордук чыгармалардын автору катары белгилүү.

533