Чүй облусунун Ысык-Ата районунда каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 22-март күнү саат 11:04 чамасында Новопокровка айылында каналда 30-35 жаштагы кебетеси азиялык болгон эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине куткаруучулар тартылып, эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Маркумдун аты-жөнү такталууда дешти мекемеден.