7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 35 жаштагы жаранды бычактап кетишти. Маркумдун өздүгү такталууда

4258

Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнөн бүгүн эртең менен денесинде жараты бар белгисиз жарандын сөөгү табылган. Жергиликтүү тургундар бүгүн саат 08:00дө шаардык милицияга окуя тууралуу кабарлашкан.

«Жаранды кароо учурунда анын денесинин ич бөлүгүндө бир нече учту нерсенин кирген белгилери бар экендиги аныкталды. Бул факт «адам өлтүрүү» белгилери менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, шектүү изделүүдө. Маркум болжол менен 30-35 жашта, азиат улутуна түспөлдөшүп кетет. Үстүндө күрөӊ түстөгү свитер, көк түстөгү спорттук шым болгон. Кыска сакалчан», – деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4259