7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада дүкөндөрдөн азык-түлүк урдоого шектүүлөр кармалды

182

Ысык-Атада дүкөндөрдөн азык-түлүк урдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кант шаарынын 33 жаштагы жашоочусу П.С. арыз менен кайрылып, 20-январга караган түнү белгисиз бирөөлөр арыз ээсинин дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип ичинен акча каражаттарын, азык-түлүк, тамеки жана ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген.


Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Ушул сыяктуу дагы эки арыз милиция кызматкерлерине келип түшкөн. Ал арыздарда дүкөндөрдөн азык түлүктөр, ичимдиктер уурдалганы тууралуу билдиришкен.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүү уүчүн жасалган бир катар ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 46 жаштагы А.С. жана 25 жаштагы Т.Б. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.


Кармалган шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

183