7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык- Атада терини кайра иштетүүчү завод курулат

316

Ысык-Ата районунда терини кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу Минкаб төрагасы Бакыт Төрөбаев Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, район аймагындагы 100 гектар пайдаланылбай жаткан жеке менчик жер мамлекетке өткөрүлүп, министрликтин алдындагы «Агрохолдинг» мамлекеттик ишканасына берилди.

Бул демилге Президенттин түз тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.

«Учурда аталган аймакка канализация, суу жана электр энергиясы тартылды. Мындан ары жүн, тери жана мал чарбачылыгы менен алектенген ишкерлерге бул жерден өндүрүш аянттары ижарага берилет», — деди министр.

Ал эми тери иштетүүчү заводдун курулушу 1,5 жылдын ичинде аяктайт.

Бул долбоор ишке ашса, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү кеңейип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга өбөлгө түзөт.

317