7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада бригадирин моюнга сайган жаран кармалды

727

Ысык-Атада адам өлтүрүүгө аракет кылган 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-майда милицияга аймактык ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1970-жылы туулган жарандын бычактан жаракат алып, түшкөнү маалымдалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Бычакталган жаран бригадир болуп иштеген. 19-май күнү 46 жаштагы жаран эртең менен жумушка чыккан эмес, түштөн кийин мас абалында барган. Бригадир эскертүү берген учурда экөөнүн ортосунда чыр чыгып, шектүү бригадирди мойнуна сайып жиберген. Анын кесепетинен ооруканага жаткырылган.

Кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728