7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы эки көмүскө медреселердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

575

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери эркек-аял медреселери уруксаатсыз эле иштеп жүргөн.

Эркектер медресесинде 9 жаштан 18 жашка чейинки 25тен ашык балдар окушкан. Студенттер медресенин аймагында жашашып, орто мектептерге барышкан эмес. Медреседе сабактар күн сайын 08-00-дөн 17-00гө чейин аткарылып турган. Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала билим алып, жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин сабактар өтүлүп, жашы жете элек кыздар да орто мектептерге барышкан эмес.

Аталган медреселерде сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышкан. Алар негизинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча актылар жана протоколдор түзүлүп, ар бирине 5500 сом өлчөмүндө айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду.

Жашы жете элек окуучулар Сузак РИИБге жеткирилип, ата-энелер менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

576