7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ысык-Көл» аэропортунда толкундун формасында аэробекет пайда болот

305

Тамчы айылында «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бул долбоор аймактын чыныгы архитектуралык жасалгасына айланып, өлкөнүн туризм, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болмокчу.

Пландаштырылып жаткан 3 кабаттуу имарат уникалдуу жана креативдүү дизайны менен өзгөчөлөнөт. Тактап айканда, аэробекеттин өзү толкун формасында жасалып, бул Ысык-Көлдү символдоштурат.

Келечектеги терминал жөн гана транспорттук түйүн эмес, функционалдуулукту, ыңгайлуулукту айкалыштырып, кенен залдар, панорамалык терезелер, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн алдыңкы технологиялары менен камсыздалат. Мунун баары жүргүнчүлөр үчүн жайлуулукту жаратат. Мындан тышкары, аэробекетте заманбап коопсуздук системалары орнотулуп, майыптыгы бар адамдар үчүн дагы шарттар түзүлөт.

306