7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюуга активдүү катышууда

495

Ысык-Көл районунда жааган нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп, бир нече калктуу конуштарга өзүнүн зыянын алып келди. Ысык-Көл районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө кырдаалга ыкчам жооп кайтарып, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга активдүү катышууда.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана ыктыярчылар менен биргеликте жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүүдө. Милициянын ондогон кызматкерлери куткаруу жана калыбына келтирүү иштерине күнү-түнү катышууда.

Милициянын жана башка кызматтардын жүргүзүлгөн тыгыз аракеттеринин аркасында бир катар үйлөр тазаланып, ылай жана таш менен тосулган бир нече көчөлөр калыбына келтирүүгө мүмкүн болду. Жаратылыш кесепеттерин жоюу иштери улантылууда жана Ысык-Көл райондук милиция кызматкерлери бардык зарыл иш-чаралар толук аяктаганга чейин жер-жерлерде кызмат өтөшөт.

 

496