7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин 3 дарыгер кармалды

694

Ак-Суу районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун үч дарыгери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2023-жылдын июль айында Теплоключенко айылынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, ак халатчандарга чара көрүүнү суранган. Ал 25-июлда ичи катуу ооруп жаткан 18 жаштагы кызын алып келсе дарыгерлер ооруканага жайгаштырбай дары берип кетирип жиберишкенин айткан. Бир айдан кийин кыз каза болгон.

Бул факты боюнча иш козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.

25-июлда кызды ичи катуу ооруп, кусуп калган абалда ооруканага алып келишкен. Т. К. аттуу дарыгер-педиатр бейтап бир күн мурда конокко барып ачуу салат жегенин, үйүнө келгенде кусуп, диарея башталганын билгенден кийин дары жазып берип үйүнө кетирген. Оорусу тарабагандыктан бейтап кийинки күнү кайра ооруканага келгенде О.М. аттуу нөөмөттөгү анестезиолог-реаниматолог кабыл алган. Бирок ал дагы дары жазып берип үйүнө жөнөткөн. 28-июлда кыз кайра ооруканага түшүп, ал күнү инфекциялык бөлүмдүн дарыгер-ординатору Э.Г. кабыл алып, кызды ооруканага жаткырган.

29-июлда кыздын абалы начарлап эс-учун жоготкон. Бейтап Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын реанимациялык бөлүмүнө түшкөн. 31-июлда Бишкектин Улуттук госпиталына которулуп, 5-сентябрда көз жумган. Соттук-медициналык экспертиза кыз тамакка ууланып көз жумганын көрсөткөн.

Комплекстик соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен Ак-Суу районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун Т.К. аттуу педиатры, О.М. аттуу анестезиолог-реаниматологу жана Э.Г. аттуу ординатору кармалган. Сот алардын бөгөт чарасы катары үй камагын тандаган. Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

695