Ысык-Көлдө аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-май күнү Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө, райондук-аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 1978-жылы туулган Бостери айылынын тургуну С.Т. аттуу жаран денесинен алган жаракаттары менен оор абалда түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Райондук оорукананын реаниматологунун маалымытына ылайык, С.Т. аттуу айымдын баш мээсине оор жаракат кеткендигинен, комага түшкөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 50 жаштагы жабырлануучунун күйөөсү аныкталып, Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Сурак жүргүзү учурунда, 2022-жылдын 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, шектүү Ш.К. мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, дене жаракаттарын келтирип, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон.
Эртеси 10-май күнү таңкы саат 6:00дө 2002-жылы туулган уулу Б.Э. үйүнө келип, апасынын эс-учун жоготгон абалында таап, тез жардам чакырган. Ал эми, 11-май күнү аял эсине келбестен каза болгон.
Учурда тергөө амалдары уланууда.