7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүтүрүүчүлөр үчүн “Туура кесип-келечек кепилдиги” аталышындагы иш-чара уюштурулууда

1381

14-май күнү Novotelде Бишкек шаарынын 11-классынын окуучуларына арналган “Туура кесип- келечек кепилдиги” аталышындагы жолугушуу уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

«Жыл сайын Кыргызстанда болжол менен 60 миңден ашуун окуучу 11-классты, 100 миңден ашуун окуучу 9-классты бүтүшөт (2021-жыл 11-класс 61 546,  9-класс 103 414). Демек, ар жылы 160 миңдей окуучу өзүнүн келечек кесибин тандоо алдында калышат. Өз дараметин толук денгээлде колдонуп, ийгиликтерди багынта ала тургандай туура кесип тандоо ар бир келечек муундун кийинки тагдырына олуттуу таасир этет. Тилекке каршы кесип тандоодо, кесипке багыттоодо көптөгөн көйгөйлөр орун алып келет. Андыктан бул багытта биргелешип иш алып баруу үчүн «Келечек» — окуучуларды кесипке багыттоо платформасын уюштуруп жатабыз.

Платформанын максаты келечек муундар менен кесипке багыттоо жаатында туруктуу негизде республикалык жана аймактык жолугушуулар, тренингтер жана башка иш чараларды уюштуруу болуп саналат. Аталган иш-чаралар аркылуу келечек муун арасында ар кайсы багыттагы кесиптерди түшүндүрүү, алардын келечегин айтып берүү, заманбап кесиптерге кызыктыруу, максат коюу, өз дараметин туура колдонууга үйрөтүү болмокчу»,-деп берилет билдирүүдө.

Иш чара эки бөлүктөн турмакчы: Биринчиси, кесип тандоого багытталган презентациялар. Экинчиси, ЖОЖдордун өздөрүн тааныткан билим жарманкеси.

Платформада төмөнкү актуалдуу темалар боюнча презентациялар камтылат:

● Кесипти туура тандоого жардам берүүчү факторлор
● Глобалдык рынок: келечек адистиктер жана кесип рыногундагы акыркы тенденциялар
● Кыргызстанда зарыл болгон кесиптер жана алардын келечеги
● Максат кою жана өз дараметин өнүктүрө билүү
● Максат коюу жана өз потенциалын өнүктүрүү
● Информациялык технологиялар: багыттар, тенденциялар
● Энергетика — заманбап багыттар, тенденциялар жана мүмкүнчүлүктөр
● Тоо кен тармагындагы дүйнөлүк адистик рыногу жана КРнын потенциалы
● Медицина жана биотехнология жаатындагы заманбап тенденциялар
● Заманбап айыл чарбасы жана технологиялары
● Креативдүү экономика

«Платформанын эксперттери жана спикерлери өз тармагында кесипкөй инсандар болмокчу. Кошумча маалымат үчүн 0708957717 номерине байланышыңыздар»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1382