7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө июнда тоо марафону өтөт

608

2021-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунда Tien – Shan Trail Race аттуу тоо марафону старт алат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мааалыматка ылайык, агенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаев «Ак-Сай Трэвел» компаниясынын директору Елена Калашникова менен жолугуп, тоо марафонуна даярдык көрүү маселесин талкуулаган.

«Бул спорттук иш-чараны өткөрүү тоо марафонун жарнамалоо жана сергек жашоону жайылтуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул жылы да марафон көптөгөн спорт сүйүүчүлөрүн жана кесипкөй спортчуларды чогултат деп ишенебиз. Ал эми биз алардын коопсуздугу үчүн бардык шарттарды түзүп, чыныгы спорттук майрам тартуулашыбыз керек», — деди Шабданбаев.

Эскерте кетсек, жыл сайын иш-чарага Кыргызстандан жана коңшу Казакстандан 300гө жакын жөө күлүк катышат. Анда 3, 10, 22, 42 чакырымга чуркоо пландалган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609