7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун бычак менен коркутуп, сабап кетишкен

509

Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун бычак менен коркутуп, сабап кетишкен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып,12-августтан 13-августка караган түнү болжол менен түнкү саат 03.30 чамасында Чок-Тал айылындагы «Медуза» кафесинин ашпозчусун белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, сабап кетишкенин билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракатынан улам райондук аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факты райондук милицияга катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Ээнбаштык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Кармалгандар Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. болуп чыгышты.

Учурда шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

510