7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө кара куурай өскөн жерлерди аныктаган дрондор (ФОТО)

859

Каракол шаарында учкучсуз учуучу аппараттар жана инновациялык технологиялар боюнча эксперттердин аймактык кеңешмеси өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Иш-чарага, БУУ БКБнын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү А.Миталл айым, БУУ БКБнын Кыргызстандагы программалык кеңсесинин жетекчиси А.Селезнев, Казакстандан, Өзбекстандан, Россиядан, Белоруссиядан келген делегациялар, улуттук мамлекеттик органдар жана Борбордук Азиядагы аймактык маалыматтык координациялык борборунун өкүлдөрү катышты.

Ал жерде, инновациялык жабдуулардын технологияларынын көргөзмөсү жана ИИМдин Кызмат техникалык жабдуулардын көргөзмө аземи болуп өттү.

Кызматтын башчысы Уланбек Султанов «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу тоолуу аймактарда жапайы кара куурайдын өсүшүнө ыкчам чара көрүү жана байкоо жүргүзүүгө жана тийиштүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет» — деп белгиледи.

Жолугушуунун алкагында Өзбекстандын Министрлер кабинетинин алдындагы баңгизаттарды контролдоо боюнча улуттук маалыматтык-аналитикалык борбордун директору Нарзуллаев Олим башында турган Өзбекстандын делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.


 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

860