7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө кезектеги браконьерлер кармалды

511

Ысык-Көлдө уруктарды чачуу мезгилинде мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген кезектеги браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Мыйзамсыз балык уулоону Пристань-Пржевальск шаарчасынын 48 жана 35 жаштагы  тургундары жүргүзүп, торлорун өздөрү жашаган калктуу конуштун көл жээгине коюшкан. Алардан далил зат катары 3 даана синтетикалык балык тору, 9 даана кармалган «Леш» балыгы жана моторлуу кайык алынган.

Ошондой эле, Ысык-Көлдүн Николаевский булуңунда мыйзамсыз балык уулап, үйүнө бара жаткан жеринен Түп районунун Тогуз-Булак айылынын 42 жаштагы тургуну кармалган. Андан 49 даана «Сиг-Лудога» балыгы алынган.

Эки факт тең аймактык милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналдарына катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматтарына өткөрүлүп берилди.

512