Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карайт.
Демилгечилердин бири Улан Примов маселени кезексиз тартипте биринчи болуп карап берүүнү суранды. Бирок комитет мүчөлөрү четке кагып, аягында талкулай турган болушту.
Дастан Жумабеков тийиштүү документтер берилбегенин айтып, маселени бүгүнкү күн тартибинен алып салууга чакырды. Депутаттын сунушу өткөн жок. Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова жыйындын соңуна чейин документтерди таратып берүүнү тапшырды.