7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө кол чатыр үчүн туристтерден акы алгандарга чара көрүлөт

146

Ысык-Көлдө кол чатыр коюп алып, ижара акы алгандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет.

«Урматтуу мекендештер, айрыкча Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенген жергиликтүү жарандар! Сезон кызуу жүрүп жаткан учурда туристтерден «эптеп эле акчасын алып калалы» деген көз караштан алыс болсоңуздар. Буга чейин президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык эс алуу шарттары түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, айрым пляждарда жээкти ээлеп, кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан уятсыздар пайда болууда. Кол чатырдын кызматын каалабагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экен.

Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз. Туристтерден акча табабыз десек – сый, тазалык жана меймандостук менен табалы! Келген конокторду жылуу узатып, кийинки жылы кайра келишине шарт түзөлү», — деген ал.

147