7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүнүн абалы оор

407

Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди.

30 жаштагы бейтап Улуттук госпиталга санитардык авиация аркылуу түшкөн. Баш мээнин жабык жаракаты, мээнин оң жарым шарында бир нече геморрагиялык жаракаты, моюн бөлүктүн чоюлушу диагнозу коюлган.

“Учурда ал реанимацияда жатат, дарыгерлер анын абалын оор деп баалашкан. Неврологиялык абалы: комада, дем алдыруучу аппаратка кошулган. Оорулуу толук кандуу дарыланууда. Бүгүн кайра консилиум өтөт”, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен милициянын кайгуул кызматкери аман-эсен ИИМдин кызматкерлеринин жана дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканасына жеткирилген.

 

 

 

408