7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 23 туристти кар көчкү басып, төртөө каза болду

622

Ысык-Көлдө тоого лыжа тебүүгө чыккан 23 туристти кар көчкү басып, 4 киши көз жумду. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, Чехия мамлекетинин 23 жараны лыжа тебүү үчүн Ак-Суу районунун Шахта Жыргалаң айылындагы мейманканага келип жайгашкан. 25-февраль күнү саат 09:00 чамасында аталган чет элдик жарандар лыжа тебүү үчүн чыгышып, капысынан көчкү жүрүп, баарын басып калган. 19 адам бири-бирин куткарышып, калган төртөө кар көчкүнүн астында калган.

Каза болгон 4 жарандын жансыз денеси Каракол шаарына алып келинип, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул факты боюнча Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Видео: Андрей Ерохин

623