7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдүн жээгине унаа менен баргандарга 15 миң сомдон айып пул салынууда

461

Ысык-Көлдө айрым айдоочулар автоунааларын көл жээгине чейин айдап барып эс алып, ал жердеги  эс алуучулардын тынчын алып, мыйзам бузуулар болууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдирди.

«Өзүн сыйлабаган, өзгөнү сыйлабайт!» Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана меймандары! Жайкы туристтик мезгил учурунда айрым айдоочуларыбыз автоунааларын башкарып, көл жээгине чейин кирип алып, көл жээкте эс алып жаткан эс алуучулардын тынчын алып, мыйзам бузууларга жол берилүүдө.

Мындай мыйзам бузган айдоочуларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан табылып, аларга протоколдор түзүлүп, ар бирине 15 миң сомдон  айып пулдар салынып, автоунаалары айып короолорго токтотулууда”,-деп берилет маалыматта.

Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жалпы айдоочулар менен эс алуучулардан, жаратылышты урматтоо жана айлана-чөйрөнү келечек муундар үчүн сактап калуу максатында жогорудагыдай мыйзам бузууларга жол бербей, белгиленген эрежелерди так сактоо менен эс алуу жерлеринде ар кандай таштандыларды таштабай, тазалыкты сактоого чакырат.

462