7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө жасалма 100 долларлык акча менен соода кылып жүргөн жаран кармалды

330

Ысык-Көл облусунда жасалма 100 долларлык купюралар менен соода кылып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Облустук млициянын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 23-ноябрдан 26-ноябрга чейинки аралыкта азият улутундагы белгисиз жарандын үстүнөн Кызыл-Суу жана Дархан айылдарынын тургундары кайрылган. Арызда алар белгисиз жаран майда соода кылып, акчасын доллар менен төлөп, калдыгын сом менен алып жүргөнүн айтышкан.


«Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургунун кармашкан. Алгачкы суракта, шектүү адам күнөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал баштапкы көрсөтмөсүндө, 5000 жасалма долларларды 2000 долларга сатып алганын, дүкөндөрдөн жасалма акча менен майда соода кылып, сом менен калдыгын алып жүргөнүн айткан. Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында милиция кызматкерлери жасалма акча каражаттары каяктан келгенин жана кандай жол менен жасалгандыгын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

331