«Ласковый май» тобунун продюсери Андрей Разин топтун мурдагы солисти, маркум Юрий Шатуновдун өлүмүнө Ставрополь шаарынын судьясын күнөөлүү деп эсептейт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
«Судьянын Шатуновдун пайдасына чыгарган чечими туура эмес болгон. Бул чечим аны өлүмгө алып келди»,-дейт продюсер.
Ал ошондой эле, кубанычтуу кабарды Шатунов эмоционалдык жактан көтөрө албай калганын айткан. Ал белгилегендей, ырчыны алдыда оор гастролдор күтүп турган.
Андрей Разин мындан ары соттун чечимин жокко чыгаруу аракет көрөт. Жада калса судьяны иштен алуу үчүн да күрөшөрүн билдирген.
Кошумчалай кетсек, Юрий Шатуновго аталган топтун ырларын ырдоого тыюу салынган. Кийинчерээк Шатунов менен Разин сотко кайрылып, судья бул ишти Шатуновдун пайдасына чечип берген болчу.
Легендарлуу ырчы, миллиондордун кумири Юрий Шатунов 23-июнь күнү жүрөгү кармап каза болгон. Ал болгону 48 жашта болгон.