Азыркы учурда абанын температурасы жогорулап, сууга түшкөн жарандардын саны арбып барат. Суу кырсыктарына бөгөт коюу максатында облус аймагында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Эл көп барган көлмөлөрдүн, дарыялардын кооптуу участокторуна эскертүү тактайчалары орнотулган.
Чаткал РИИБдин кызматкерлери Кайың-Суу, Каныш-Кыя, Чандалаш, Жаңы-Базар айылдарында сууга түшүп жаткан өспүрүмдөгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алыскы аралыкка сүзбөө, илинген эскертүү тактайчаларына көңүл буруу, сууда бири-бири менен ойнобоо керектигин эскертишти.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы