Өзүңдү «Стартап-Нация» хакатонунда сынап көр жана Стартаптар дүйнөсүнө кантип кирүү боюнча этап-этабы менен нускамаларды ал!
Жаздын биринчи күнүндө Кыргызстандын бүт аймагын өзүнө камтыган масштабдуу экинчи үнүндөогиялык “Стартап-Нация” хакатону башталат. Биринчи хакатон былтыр ийгиликтүү өткөрүлүп, республикалык масштабга ээ болгон!
Үч күн бою, 1-марттан 3-мартка чейин Борборубуз Бишкек инновациялык идеяларды ишке ашыруу аянтчасына жана технологиялык инновациялардын борборуна айланат. Криптовалютанын элементтери, мобилдик тиркемелери жана IT тармагындагы инновациялык чечимдери бар долбоорлор чакырылат: жасалма интеллект, машина үйрөнүү, блокчейн, SaaS жана башка көптөгөн нерселер. Амбициялуу ишкерлер жана стартаперлер 3000 долларлык байге фонду үчүн ат салышат.Ошондой эле “Startup Nation” ачылышынын алкагында Дубайдан, Казакстандан, Кыргызстандан мыкты стартаперлер менен мастер-класстар жана өнөктөштөрдүн бош орундардын жарманкеси өткөрүлөт.
“Стартап Нация” жаштарга билим берүү жана аларды бизнестин прогрессивдүү дүйнөсүнө тартуу максатын көздөйт. Бул ишкердикте тажрыйба топтоо, креативдүү чечимдерди издөөгө дем берүү жана стартап-ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн аянтча. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жаш ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө.
Хакатонго катталуу үчүн:
1) Телеграмдагы шилтемеге өтүңүз
2) Каттоо шилтемеси
Толук маалыматты Инстаграм баракчасынан тапса болот
«СТАРТАП-НАЦИЯ» CODIFY IT-компанияларынын тобу тарабынан ишке ашырылат жана Аксеlerate Prosperity Ага Хан өнүктүрүү уюмунун бизнес- инкубатору (АКДН демилгеси) АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) «Жергиликтүү өнүгүү» долбоору тарабынан каржыланат.
Бул хакатондун расмий өнөктөштөрү болуп Veles finance жана медиа өнөктөшү Намба Медиа .