Куткаруу ишинде эрдик көрсөтүп, өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды сактап калгандыгы үчүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу улук сержант А. Эсенгул уулу “Каарман” медалы менен сыйланды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле нөөмөтчү прапорщик К.Рысбеков жана өрт өчүрүүчү-куткаруучу сержант И.Иманалиев “Ардак грамоталары” менен сыйланышты.

Эскерте кетсек 21-ноябрь күнү Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имараттан эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган жеринен ӨКМдин Токмок шаардык №21 ӨККБнын куткаруучулары сактап калышкан.