7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл өспүрүмдү зордуктаган шектүүнүн үй-бүлөсүнө «көчүп кетүү» талабын коюшууда

2653

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары 16 жаштагы өспүрүмдү сабап, зордуктаган шектүүнүн үй-бүлөсүнө көчүп кетүү талабын коюшууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда аксакалдар сотуна чогулган эл билдиришти.

Алардын айтымдарында, шектүү жазасын алып, кийинки муунга дагы сабак болушу керек. Ал эми аксакалдар соту элди тынчтанууга үндөшүп, бүгүн бир бүтүмгө келишерин убадалашты.

Эске сала кетсек, 5-декабрда өспүмүрдүн атасы милиция кызматкерлерине кайрылып, кызынын аёосуз зордукталгандыгы тууралуу айткан. Ал эми шектүү кечээ, 6-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөөгө алынган.

Ал эми Исмаил айылынын 50гө жайын тургуну бул окуядан соң Сокулук РИИБнүн имаратына митингге чыгышып, шектүүнү берүүнү талап кылышкан. Алар менен Сокулук РИИБнин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген соң, чогулгандар таркап кетишкен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2654