7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зардалыга интернет жетти

507

Баткен облусундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылы интернетке туташтырылды. Бул тууралуу «Кыргыз Интернет Коому» уюму кабарлады. Анда бул иш ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында ишке ашканы айтылат.

«Зардалыда «Кыргыз Интернет коому» алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды, керек болсо кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат»,-деп жазылган маалыматта.

2020-жылы «Ошэлектр» ишканасы Зардалы электр энергиясы менен камсыз болорун билдирген. Анда 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым зым тартылары айтылган.

Баткен районунун алыскы, шарты катаал Зардалы айылына машина менен барган жол жылына төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо кыркасын бойлоп, кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүздөй гана адам жашайт.

Булак: azattyk.org

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508