7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан Афганстан менен чектеш аймакта аскердик күчүн сыноодон өткөзөт

3823

Өзбекстан Афганстан менен чектеш аймагындагы соңку кырдаалдан улам, аскердик күчүн сыноодон өткөрүп, машыгууларды күчөттү. 

Эске салсак, буга чейин Афганстандын 53 куралданган аскер күчтөрү, Өзбекстандын чек арасын басып киргени айтылган. Ушундан улам, Ташкент жана Түштүк-Батыш райондорунда абадан коргонуу аскердик техниканын күжүрмөн даярдыгын текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Тажрыйба алмашуу Ангрен жана Термездеги (Афганистан менен чек арада) куралдуу талаалардын аймагында өткөрүлөт.
Анда «Тревога» сигналы берилгенде, жеке курамдын иш-аракеттери, берилген багытта коргоону күчөтүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле, күжүрмөн даярдыктын берилген тапшырмаларын аткара билүүсү текшерилет.

Жасалма душмандын болжолдуу орду дагы аныкталат, андан кийин авиациялык жана артиллериялык бөлүктөрдүн күчтөрү жана шаймандары, ошондой эле минометтордун батарейкасы активдүү аракеттерди болтурбоо максатында алар жайгашкан аймактарга сокку урат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3824