7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

619
Ар кыл экономикалык долбоорлор үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу 9-мартта Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында депутаттар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү келишимдин ратификациясын жактырышты.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга каражат бөлөт, фонддун кеңеши куралат, ага Кыргызстандын жарандары кирет. Директорлор кеңеши үч өзбекстандык, эки кыргызстандык өкүлдөн турат.

Биргелешкен фонд түзүү 2017-жылы ал кездеги президент Сооранбай Жээнбековдун Өзбекстандагы сапарында эле демилгеленген. Бирок план эми гана иш жүзүнө ашууда.

Өлкө президенти Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Ташкентке барат.

620