7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан окуучулардын мектепке жоолук, топу кийип келүүсүнө уруксат берди

1062

Өзбекстанда окуучу кыздарга мектепке ачык түстөгү улуттук жоолук жана такыя менен келүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов 4-сентябрда билдирди.

«Ата-энелердин көптөгөн кайрылууларын жана улуттук баалуулуктарыбызды эске алып, быйылкы окуу жылынан тартып кыздарга мектепке ак же ачык түстүү улуттук жоолук жана такыя менен келүүгө уруксат берилет«, – деди министр.

Ал ошондой эле окуучу кыздар жакасы узартылган көйнөктөрдү да кийсе болорун кошумчалады.

Бирок министр кайсы мыйзамдын негизинде кыздарга жоолук салынууга жана такыя кийүүгө уруксат берилгенин так айткан жок.

Өзбек өкмөтүнүн 2018-жылы августта кабыл алынган токтомуна ылайык, окуучулар билим берүү мекемелеринин ичинде баш кийимсиз жүрүшү керек.

Кезинде бул документтин кабыл алынышы айрым ата-энелердин нааразылыгын жараткан. Алар жоолук салынып барган кыздары окуу жайларга киргизилбегенине даттанышкан.

Быйыл Өзбекстандагы бардык билим берүү мекемелеринде окуу жылы 6-сентябрда башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1063