7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады

278

Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Шавкат Мирзийоев Кыргыз өлкөсүнүн мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөнүн кубануу менен кабыл алганын билдирди. Ал эми Садыр Жапаров Өзбекстандын президентине коронавирус менен күрөшүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

“Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Элибиздин мындан аркы ынтымагы дагы бекемдеп, буга чейинки жетишилген макулдашуулар ишке ашат деп ишенем. Анын ичинен чек ара маселеси оңунан чечилип, айыл чарба, энергетика, соода сыяктуу тармактарда кызматташтыгыбыз артарына үмүттөнөм», — деп жазылат өзбек лидеринин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 10-январь күнү президенттик шайлоо жана башкаруу формасы тандалган референдум болуп өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

279