7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөчө ири көлөмдөгү макротомия өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз сатуу аракетине бөгөт коюлду

488

УКМК ири көлөмдөгү макротомиянын тамырын мыйзамсыз чогултуу жана сатуу аракетине бөгөт койду. 

Чет өлкөлүк жарандардын жана башка адамдардын контрабандалык иштери аныкталды. Тактап айтканда, сатуу аракетинде УКМК тарабынан 1326,3 килограммга жакын өсүмдүк сырьесу – жалпы баасы 3 миллион сомго жакын макротомия алынган.

Учурда УКМК тарабынан аталган кылмыш ишинин башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Маалымат үчүн: Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 270 токтому менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга, тагыраагы: макротомия, арнебия, ясенец, аконит жана афлатун пиязын жапайы дарылык, техникалык, тамак-аш өсүмдүк чийки затын сатып алуу жана чогултуу үчүн үч жылдык мөөнөткө убактылуу тыюу (мораторий) киргизилген.

 

 

 

489