7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөн районунда 719 гектар айдоо жер суу менен камсыз болот

755

Президент Садыр Жапаровдун фондунан бөлүнгөн 100 млн сомго, Өзгөн районунда 719 гектар жерге суу жеткирүү жумуштары жасалууда.

“Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жерлерди сугарууну уюштуруу» долбоорунун алкагында Жаман-Адыр массивин өздөштүрүү жана ирригациялык сугат тармактарын реабилитациялоо жумуштары жүрүүдө.

Бул демилгенин алкагында Президенттин резервдик фондунан 4,8 км магистралдык каналды жана 12,1 км ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүүгө 100,0 млн сом бөлүнгөн.

Долбоордун максаты 719 гектар жерди сугат суусу менен камсыз кылуу.

Учурда каражат бөлүнүп, бардык керектүү жабдыктар алынып иш кызуу жүрүп жатат. Бул айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берип, жерибиздин туруктуулугун камсыздайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756