Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда Бишкек – Ош автомобиль жолунда, анын ичинде Ош облусунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу зарылдыгы келип чыкты.
Жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү, Өзгөн шаарынын участогундагы Бишкек – Ош авто жолунда жол кыймылын азайтуу, Ош облусунун Өзгөн районунун жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9, 10-беренелерине жана Конституциянын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын жол инфраструктурасын өркүндөтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автомобиль жолдорун куруу жана тейлөө эң маанилүү багыт болуп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
2024-жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.