7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө 100 балага окуу куралдары жана мектеп формасы тапшырылды

479

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров «Жакшылык үчүн биримдик» фонду менен биргеликте райондогу муктаж жана атасы жок жетим балдарга жаңы окуу жылына карата сүйүнүч тартуулоо үчүн окуу куралдары жана мектеп формасын белек кылышты. Ошону менен бирге керектелүүчү азыктар камтылган жардам баштыкчасы да тапшырылды.

«Атасы жок балдардын көңүлү назик болгондуктан, аларга жаңы окуу жылына карата сүйүнүч тартуулоо максатында окуу куралдары жана мектеп формасын белек кылдык. Албетте жетимдин башын сылап, алардын жакшы каалоолорун угуу адамга өзгөчө сезим тартуулайт. Андай сезимди сөз менен айтып жеткире албайсың, аны берешен болуп көрүү менен гана сезе аласыздар. Мындай көрүнүштөр өлкөнүн башка аймактарында да болуп жаткандыгы баарыбызды кубантат. Аллахым баарынан ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.

Окуу куралдары жана мектеп формаларына жалпысынан 450 миң сом акча каражаты жумшалган.

 

480