Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндө 8 жаштагы кыз асынып каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, кыз 27-ноябрда өз үйүндө өмүрүнө кол салган.
«Кыздын үй-бүлөсү жакшы жашайт. Окуя болгон күнү атасы кошуна айылга кеткен. Аын төрт баласы бар. Азыр текшерүү иши жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Азырынча өлүмүнүн себеби белгисиз. Ош ОИИБдин маалыматына караганда, аталган окуя боюнча милиция кызматкерлери иш алып барышууда.