7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
16°C

Өзгөндөгү асынып алган 8 жашар кыз кинодогу эпизодорду туурашы мүмкүн экени айтылууда

111

Өзгөндөгү асынып алган 8 жашар кыз кинодогу эпизодорду тууроосу мүмкүнсэкени айтылууда. Бул тууралуу анын жакындары Облустук ички иштер башкармалыгына билдиришкен.


Маалыматка ылайык, 27-ноябрда саат 15:25 чамасында Өзгөн районунун Макаренко айылынын К.А. аттуу 8 жашар тургуну асынып өлгөндүгү тууралуу Өзгөн аймактык ооруканасынан Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнүн 102 номерине кабар келип түшкөн.


«Кыз белгисиз себептерден улам үйүнүн короосундагы эки кабаттуу мал сарайдын чатырындагы торсунга пресс жип менен асынып өлгөндүгү белгилүү болгон.
Маркум Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагына караштуу Макаренко айылындагы мектепте 3-классында окуган. Өз классында сабакты жакшы окуган үлгулүү окуучулардын бири болгон. Окуя болгон күнү онлайн сабакка катышкан эмес. Ал күнү апасы мугалим болгондуктан балдары онлайн сабакка колдонуучу уюлдук телефонунун алып онлайн конференцияга катышканы мектепке кеткен. Үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы менен атасы жума намазда болушкан. Кошуналардын айтуусунда маркумдун үй-бүлөсү ошол аймактагы кадыр-барктуу үй-бүлөлөрлөрдөн болуп саналат. К.Анын жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн кинотасмалар таасир этип, түрткү бериши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Себеби, маркум буга чейин өз жанын кыйган кинотасмаларды кызыгып кайталап көрө берчүү экендигин жакындары билдиришүүдө. Окуя болгон күнү ал кыз кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калган болушу мүмкүндүгү айтылат», — деп берилет маалыматта.


Учурда бул окуя тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

112