Ушул жылдын 17-сентябрынжа Өзгөндүк имам Сарахсинин 14 жылдан бери которулуп келе жаткан 31 томдук китеби мекенине жеткирилет. Бул тууралуу Султан Раев социалдык баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, ошол эле күнү ацмакта «Өзгөн — Мунара 2021» этно-тарыхый форуму өтөт. Караханид доорунда Өзгөн шаарында жашап, Ислам илим дүйнөсүнө эн чоң салым кошкон, исламдын эн көрүнүктүү Аалымы Имам Сарахси — «имамдардын Күнү» деген ат менен дүйнөгө таанылган. Анын 31 томдон турган улуу эмгеги Түрк тилине которулуп, биринчи жолу жогорудагы форумда, Имам Сарахсинин сөөгү жаткан Өзгөндө жалпы журтка жарыяланат.
«Имам Сарахси 10 жылдан ашуун Өзгөндө зынданда жатып, өз шакирттерине айтып, исламдын улуу касиетин ачкан илимин жазган. ӨЗГӨН — касиеттүү шаар, ал Караханийлердин гана борбору эмес, дүйнөнү өзгөрткөн Ислам илиминин борбору аталган. Бүгүн биз Имам Сарахсинин 31 томдук китебин араб тилинен Түрк тилине которгон профессор Жеват Акташтын уулу, Имам Сарахси эл аралык фондунун Президенти Мехмет Акташ менен жолуктук. Биз атактуу окмуштууну уулу менен чогуу касиеттүү Өзгөнго чакырдык. Буюруса бул томдуктар кыргыз тилине которула турган мезгил да алыс эмес. Профессор Жеват Акташ Өзгөндө бир нече кылымдар бою табылбай келген Имам Сарахсинин кабырын Өзгөнгө келип өзү тапкан. Буюруса 14 жылда которулган бул улуу илим касиеттүү Өзгөнгө келет. Бул чоң жаңылык, кыргыз элине нурлуу Куттун келгени», — дейт ал.