7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө сот кызматкери кармалды

389

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери И.Т.З. тарабынан жарандык иш боюнча мүлктүк талашты оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 2 миң АКШ долларын талап кылган.

24-апрелде Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери кармалып, анын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда арыз ээси тарабынан мурда берилген 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды.

Ал Өзгөн райондук сотунун кызматкери катары, сотто каралып жаткан жарандык/кылмыш иштерине тиешелүү айрым маселелерди чечүү боюнча «ортомчулук» кызматты көрсөткөнү такталды.

УКМК соттук чечимдердин жыйынтыгына таасир этүүгө убада берген ар кандай адамдарга байланышпастан, компетенттүү органдарга арыз менен кайрылууну өтүнөт.

390