7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мандатынан кол жууган депутаттар боюнча пикир

408

Журналист Илич Кулназаров социалдык тармактагы баракчасына ЖК 7-чакырылышындагы мандатын тапшырган депутаттар боюнча пикирин жазды.

«Урматтуу достор! Бул чакырылышта парламенттин 17 депутаты алмашыптыр. Күйгөн аял кошокчу демекчи кетип аткан депутаттар «кокуй буга чейин мындай болгон эмес» деп айгай салышууда. Буга чейин болгондо да кандай болгонун санап көрөлү. 5-чакырылышта 33 депутат алмашкан. 6-чакырылышта 82 депутат алмашкан. Анан кантип буга чейин мындай болгон эмес дешет?
Эми азыркы 7-чакырылыштын кайсы депутаты эмне себептер менен кетип атканын дагы билишимче айта көрөйүн.

3 депутат кызматка кетишкен. Алар Алтынбек Сулайманов, Равшан Сабиров, Бакыт Төрөбаев. Андан кийин дагы 3 депутат жасалма дипломдоруна байланыштуу кетишти. Алар Орозоайым Нарматова, Фархад Исмаилов, Форхад Алимжанов. Жаныбек Абиров бейбаштык кылып, мушташып кетти. Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуусу аныкталып,
сот чечими менен кетти.

Мурдагылардан өзгөчө жагдайда, тактап айтканда коррупцияга, криминалга (камчы Кольбаев м-н Раим Матраимовдун кылмыштуу тобуна) тийешеси бар болгон 7 депутат алар: Искендер Матраимов, Абдывахап Боронбаев, Нурлан Ражабалиев, Айбек Осмонов, Эмил Жусупов, Коргонбай уулу Жусуп, Максат Сарыбагышевдер өз арыздары менен жапырт мандаттарын тапшырышты.

Дагы бир кызыктуусу коңшу өлкөнүн крим төбөлүнө биздин бийликти кулаттууга жардам сурап кат жазып,
мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн Эмил Жамгырчиев да өз арызы менен кетти. Анан жер сатууга шектелип, сот чечими менен Адахан Мадумаровдун депутаттык мандаты алынды.

Ошондуктан парламентке келүүдө шайлангандар дагы, шайлангандар дагы ойлонушу шарт. Парламентте таза адамдар иштеп, таза мыйзам жазышса жакшы болот. Илгерки заман жок. Ким катуу кыйкырса эле депутат болуп олтура берген. Азыркы бийликтегилерди таш жарган кыйкырыгын менен дагы коркута албайсын. Коркушпайт дагы»,- деди ал.

409