7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды

558

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, аталган айыл өкмөттүн азыркы юристи жана алардын шериги кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

2019-2021-жылдар аралыгында бул адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган.

Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы КР өкмөтүнүн токтому менен Өзгөн районундагы 22 га жер «айыл чарба багытында» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган. Мында мамлекетке келтирилген зыян 829 мдн 200 миң сомду түзөт.

Учурда УКМК тарабынан жогорудагы жер боюнча махинацияларга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

559