7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

612

Бүгүн, 10-январдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу маселе каралды.

Жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Бул тууралуу атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев маалымат берди. Ал белгилегендей, комиссиянын бир нече отурумдары өтүп, ага бир топ укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышканын белгиледи.

Маселени кароонун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Башкы прокуроруна депутат Эмил Жамгырчиевди 378-берене (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 27-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө КР Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исираилов, Винера Раимбачаева кирген.

613